Четверг, 2 июля

Эдил Байсалов Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык саясат жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

Эдил Байсалов Түркиянын туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштарына негизделген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде элчи Мекин Мустафа Кемал Окем Түркиянын эки тараптуу күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча активдүү диалогго жана практикалык кызматташууга даярдыгын ырастады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз