Ирандын мамлекеттик телеканалы IRIBнын маалыматына караганда, “Жеңиш кабары” деп аталган чабуул АКШнын Катардагы Аль-Удейд деп аталган базасын бутага алган.
Ирандын ИРНА маалымат агенттиги да Ирактагы америкалык базалардын бирине ракеталык сокку урулганын кабарлады.
Израилдин маалымат каражаттары өз кезегинде Ирандын чабуулу АКШнын Перс булуңунун төрт өлкөсүндөгү аскерий объектилерине каршы багытталганын ырасташууда.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчылыгы билдиргендей, Иран АКШнын Катардагы авиабазасына ракеталык сокку уруп, базаны «жок кылганын» билдирди.
«АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине каршы агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде Иран Ислам Республикасынын күчтүү Куралдуу күчтөрү бир нече саат мурун Катардагы АКШнын Аль-Удейд авиабазасын жок кылышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүдө колдонулган ракеталардын саны АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине кол салууда колдонгон бомбаларынын санына туура келгени баса белгиленет.
Ошондой эле базанын Катардын инфраструктурасынан жана турак-жай аймактарынан бир топ алыс жайгашканы жана аскерий аймактын сыртында кыйроолор катталбаганы белгиленген.
«Бул операция дос жана боордош Катар өлкөсүнө жана анын асыл элине коркунуч туудурбайт. Иран Катар менен чын ыкластуу жана тарыхый мамилени улантууга чечкиндүү», — деп айтылат билдирүүдө.
