Четверг, 2 июля

Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” форумуна катышты

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тяньцзин шаарында “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын сөзү болду.

Форумга мамлекеттик, бизнес жана илимий чөйрөнүн лидерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында минкаб төрагасы Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасынын милдетин аткаруучу Питер Брабек-Летмат менен жолукту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз