Четверг, 2 июля

Мирзиёев менен Хурелсух биргелешкен декларацияга кол коюшту

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президентинин Монголияга сапары «эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө тарыхый окуя болуп калды».

Өзбекстандын лидери визиттин негизги жыйынтыктарынын бири өзбек-монгол кызматташтыгынын жаңы этабын баштаган маанилүү документке – ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу болгонун баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз