Четверг, 2 июля

Ысык-Атадагы «Такыр-Төр» көлү жырылып, эл эвакуацияланууда

0

Ысык-Ата районундагы «Такыр-Төр» көлү жырылып, коркунуч жаралган аймактардагы үй-бүлөлөр эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы жана жеке көзөмөлү менен Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Саат 18:32ге карата берилген маалымат боюнча, куткаруучулар коркунуч жаралган аймактан жалпы 180 үй-бүлөнү коопсуз жайга алып чыгышты.

Белгилей кетсек, министрдин буйругу менен ӨКМдин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер тартылып, дрон менен «Такыр-Төр» көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымына байкоо жүргүзүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген.

Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары, атайын техникалар тартылып, алдын ала даярдык уюштурулган.

Кошумча маалымат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз