Четверг, 2 июля

Азербайжанда Орусияга тиешелүү бардык маданий иш-чаралар токтотулду

0

Азербайжанда Орусиянын мамлекеттик жана жеке мекемелери өткөрө турган бардык маданий иш-чаралар, анын ичинде концерттер, фестивалдар, спектаклдер, көргөзмөлөр токтотулду. Бул тууралуу Азербайжандын Маданият министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

«Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургда этникалык азербайжандарга карата жасалган демонстративдик, максаттуу жана сотсуз өлтүрүүлөр, зордук-зомбулуктар, ошондой эле мындай көрүнүштөр акыркы убакта системалуу болуп калганын эске алып, Орусиянын мамлекеттик жана жеке мекемелери тарабынан Азербайжанда өткөрүлүшү пландалган маданий иш-чаралар, анын ичинде концерттер, фестивалдар, спектакльдер, көргөзмөлөр  токтотулат» — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон белгилешкендей, билеттерди алдын ала сатып алган жарандар акчасын кайтарып алуу үчүн тиешелүү соода түйүндөрүнө жана онлайн аянтчаларга кайрылса болот.

Кошумчалай кетсек, Милли Межлистин төрагасынын биринчи орун басары Али Ахмедов баштаган делегация Азербайжан менен Орусия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын Москвада өтө турган 23-жыйынына катышпайт.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Визиттин токтотулушуна «Екатеринбург шаарында орус укук коргоо органдары тарабынан азербайжандыктарга карата этникалык негизде жасалган демонстративдик, максаттуу жана мыйзамсыз өлтүрүүлөр жана зордук-зомбулук аракеттери, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн соңку кездери үзгүлтүксүз болуп жатканы» себеп болгону белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз