Полиция орусиялык Sputnik-Азербайжан агенттигинин Бакудагы кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары Азербайжандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыгышты.
Белгиленгендей, имарат укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынды. Полиция тинтүүлөрдүн чоо-жайын кийинчерээк айтууга убада берди.
“Россия сегодня” үгүт медиа тобуна кирген Sputnik-Азербайжан агенттигинин иши буга чейин Азербайжанда расмий түрдө токтотулганын “Qafqazinfo” басылмасы жазган. Бирок кеңсе өз ишин улантып, агенттиктин кызматкерлери жумушка чыгышкан” — деп белгилейт басылма.
Sputnik-Азербайжан кеңсесиндеги тинтүү Екатеринбургда азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү массалык түрдө кармалгандан кийин Орусия менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин начарлашынын фонунда жүрүүдө.
