Четверг, 2 июля

Израилдин кол салуусунан бир күндө 97 палестиналык набыт болду

0

Кечээ Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 97 палестиналык набыт болду.

Анадолу агенттигинин медициналык булактардан алган маалыматына караганда Газанын Туффа аймагындагы Ел-Алеми мечитинин жанында чогулган жарандарга кол салууда каза болгон 3 кишинин сөөгү жана жаракат алган көп сандаган киши ооруканасына жеткирилди.

Газа шаарындагы Вахдат көчөсүндө чогулган жарандарга жасалган кол салууда кеминде 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Вахдат көчөсүндө эшек арабага жасалган аба соккусунан төрт палестиналык набыт болду. Зейтун микрорайонундагы Деллул станциясына жасалган абадан кол салууда бир киши өлүп, көп киши жараланды.

Израилдин аба күчтөрү баш калкалоочу жай катары колдонулган төрт мектепке да чабуул жасады. Мектептердин үчөө Зейтун районунда жана бири Туффа районунда жайгашкан.

Газанын жээгиндеги Аль-Бака эс алуу борборуна жасалган чабуулдан кеминде 34 киши, анын ичинде аялдар, балдар жана бир журналист набыт болду.

Күбөлөрдүн айтымында, Израилдин согуштук учактары аль-Бака кафеси менен эс алуу борборун аткылап, мекеме толугу менен талкаланган.

Шифа ооруканасынын кызматкери: «Шейиттердин денелери ооруканага бөлүкчөлөр менен жеткирилди. Коридорлор жана палаталар оор жаралууларга толду» деди.

Израиль Сабра конушундагы лагерге сокку урду. Кол салууда 10 киши каза болуп, көп сандаган жарадар ооруканаларга жеткирилди.

Лагерди кайрымдуулук уюмдары гуманитардык жардамды таратуу үчүн пайдаланышкан.

Зейтун аймагындагы Сикка көчөсүнө жасалган абадан кол салууда бир киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз