Четверг, 30 апреля

Бакуда Орусиянын жарандары кармалды

0

Азербайжандын Ички иштер министрлиги Бакуда уюшкан кылмыштуу топторго катышкан, Ирандан баңги транзити, баңги затын интернет аркылуу сатуу жана киберкылмыштуулук боюнча 10го жакын орусиялык жаранды кармады.

Азербайжандын «Report» басылмасы жарыялаган видеолордо орусиялыктардын бетинде көгала тактар ​​көрүнүп турат.

Бүгүн эртең менен Хатай райондук соту бир күн мурда кармалган Sputnik Азербайжан маалымат агенттигинин директору Игорь Картавих менен кызматкери Евгений Белоусовду 4 айга камакка алды.

Азербайжан менен Орусиянын мамилеси 27-июнда Екатеринбургда азербайжан тектүү 50дөн ашуун киши кармалгандан кийин начарлап кеткен. Кармоо маалында кеминде эки адам каза болгон: Азербайжандын 60 жаштагы жараны Хусейн Сафаров жана анын бир тууганы, 55 жаштагы Зияддин. Баку күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып, Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги орус элчисине “катуу нааразычылык” билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова кармалгандардын орус жарандары экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз