Курск облусунда Орусиянын Аскер-деңиз флотунун башкы командачысынын орун басары Михаил Гудков каза болду.
Бул тууралуу Приморьенин губернатору Олег Кожемяко Telegram каналында билдирди.
Кожемяко белгилегендей, Гудков «өзүнүн жоокерлери менен бирге офицердик милдетин аткарып жатып» курман болгон.
Михаил Гудков ушул жылдын март айында Орусиянын Аскер-деңиз флотунун башкы командачысынын орун басары болуп дайындалган. .
