Салык кызматы социалдык тармактарда банктар маалыматтарды салык органдарына берип жатканы тууралуу билдирүүлөргө түшүндүрмө берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралган.
«Мындай маалыматтарды алуу мыйзамда так белгиленген учурларда гана жана салык органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлөт.
Тактап айтканда, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептеринин бар экендиги жана ал эсептердеги операциялар боюнча маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана, жана салык мыйзамдарында каралган тартипте гана суралышы мүмкүн.
Ал эми физикалык тараптар, ишкердик менен алектенбеген жарандар боюнча эсептер жана алардагы операциялар тууралуу маалымат жөн гана учурда суралбайт. Мындай маалыматтар соттук актынын чечиминин негизинде гана алынат», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Салык кодексинде банктык эсептер боюнча маалымат берүү, электрондук акчаларды колдонуу, QR төлөмдөр, POS-терминалдар, идентификацияланган электрондук капчыктар жана башка алыстан төлөө формаларын колдонуу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр боюнча маалымат берүү талаптары да каралган.
«Бул норма — айрым салык төлөөчүлөрдүн кирешелерди жашыруу жана салык төлөөдөн качуу максатында ушундай төлөм каражаттарын колдонуу аракеттерин аныктоо жана алдын алуу максатында киргизилген.
Бул маалыматтар салыктык башкаруунун алкагында гана, салык милдеттенмелеринин толук жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатында колдонулат.
Белгилей кетсек, бул норма узак убакыттан бери иштеп келет жана салыктык көзөмөл системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Ошол эле учурда, салык кызматы жөнөкөй жарандардын жеке максаттарда жүргүзгөн операцияларын жана которууларын көзмөлдөбөйт, эгер алар ишкердик ишмердүүлүккө байланыштуу болбосо», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Салык кызматы маалыматтарды алуу жана пайдалануу боюнча бардык процедуралар салык мыйзамдары менен так жөнгө салынарын жана мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөрүн эскертет. Алынган маалыматтар салык милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлдөө максатында гана колдонуларын билдирет.
Салык кызматы эгер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонууга байланыштуу суроолор жаралса, салык органдарына расмий түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну сунуштайт.
