Суббота, 18 апреля

Борбор Азиялык журналисттер Кытайда медиа-семинарга катышууда

0

Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш медиа адистери үчүн медиа-семинар башталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти жеринен билдирди.

Семинарга Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын өкүлдөрү менен катар «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин журналисти Диана Айдарбекова катышууда.

Тренинг медиа тармагындагы кесиптик тажрыйбаны арттырууга, аймактагы медиа чөйрөдө кызматташууга жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Семинардын алкагында катышуучулар Кытайдын 70 жылдагы жетишкендиктери, реформалар жана ачыктык тажрыйбасы, жакырчылык менен күрөшүү, Хунань провинциясында маданий индустрияны жана жаңы медианы өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле салттуу жана санариптик медианы интеграциялоо жаатындагы инновациялар менен таанышат.

Программа Red Net компаниялар тобу, Hunan Daily басма үйү жана Сиань телерадиокомпаниясы сыяктуу алдыңкы медиа уюмдарына барууну камтыйт. Бул практикалык тажрыйба алмашууну жана кесиптик горизонтторду кеңейтүүнү камсыз кылат.

Семинар 28-июлда аяктайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз