Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 10-июлда БАЭнин борбору Абу-Дабиде эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.Бул тууралуу Азербайжан мамлекет башчысынын администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Азербайжан Республикасы менен Армения Республикасынын ортосунда уланып жаткан тынчтык жараянынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын ортосунда 10-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эки тараптуу жолугушуу болот»,-деп айтылат 9-июль шаршемби күнү жарыяланган текстте.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян Фейсбук баракчасында алдыдагы жолугушууну тастыктады.
