Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июльга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 19…24 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 23…25, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.
