Тажикстанда өткөн экономикалык жана инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын ишкерлери бизнес жаатында жалпы суммасы 74,2 мнн долларды түзгөн 18 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы экспортту өнүктүрүү боюнча “Кыргыз экспорт” борборунун жетекчиси Урмат Такиров “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, бул сапар Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Тажикстанга болгон төртүнчү сапары болду. Буга чейин делегация Хатлон, Худжанд жана Душанбе шаарларында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган.
“Бул жолу биз Тажикстанда бизнес форум уюштурдук. Форумдун жүрүшүндө кыргызстандык ишканалардын продукциялары коюлган көргөзмө бурчу ачылып, 70тен ашык компания өзүнүн жеңил өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба жана автоунаа тармагындагы продукцияларын сунуштады. Форум Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган”, — деди ал.
