Бакуда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын катарында согушкан эки адам козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынганы билдирилди. Рамил Алиев менен Исмаил Гасанов аттуу жарандар Азербайжанда жана чет өлкөлөрдө кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Тергөөнү Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) жүргүзүүдө.
Эки шектүү тең төрт айга камакка алынды.
АПА агенттигинин маалыматына караганда, алар башка өлкөнүн түзөтүү абагында болуп, ал жакта адам өлтүрүү жана башка оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазасын өтөп жатышкан. Андан кийин Евгений Пригожин аларды аскердик операцияларга катышуу үчүн жеке тандап алган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Алиев менен Гасанов аскердик операцияларга катышып, ошол эле иш-чараларга катышуу үчүн башка азербайжандык жарандарды да жалдашкан, — деп жазат агенттик.
