Бишкек шаарында 20 жашка чейинки балбандар арасында өтуп жаткан Азия чемпионатынын (U-20) алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргыз балбандары мыкты жыйынтык көрсөтүп, жалпы 7 медаль – 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
Азия чемпиондору:
Эмирлан Дүйшөналиев (63 кг чейин);
Жанторо Мирзалиев (67 кг чейин).
Күмүш медалга ээ болгон балбандар:
Кутман Калбаев (55 кг чейин);
Эрбол Өзгөнов (60 кг чейин);
Илгис Каныбеков (72 кг чейин).
Коло медаль уткан балбандар:
Адилет Абыкеев (77 кг чейин);
Рустам Садыков (97 кг чейин).
Командалык эсептин жыйынтыгы:
Иран — 185 упай;
Кыргызстан — 166 упай;
Өзбекстан — 151 упай.
Белгилей кетсек, жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстандын борбор калаасындагы «Бишкек Арена» спорттук комплексинде өтүп жатат.
