Воскресенье, 19 апреля

Токаев Трампка кат жазды

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан Америка Кошмо Штаттарынын көп жылдык соода жана инвестициялык өнөктөшү катары калыс, алдын ала айтылган, эки тарапка тең пайдалуу соода мамилелерин өнүктүрүүгө умтуларын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчынын АКШ президенти Дональд Трампка казакстандык товарлардын импортуна бажы алымдарынын киргизилишине байланыштуу жооп катында айтылат.

Казакстандын президенти өлкөнүн соода маселелерин сарамжалдуу чечүү жолун иштеп чыгуу максатында конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин ырастады.

Касым-Жомарт Токаев соода маселеси боюнча мунасага келерине ишенерин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз