Вторник, 10 февраля

Израилдин соккуларынан Газада өлгөндөрдүн саны 58 миңден ашты

0

Израилдин Газа тилкесине 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан кол салууларынан каза болгондордун саны 58 026га жетти.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта эле аткылоодон 139 адам каза болуп, дагы 425 киши жарадар болгон. 2023-жылдын 7-октябрынан бери эксклавда жарадар болгондордун жалпы саны 138 520га жетти.

18-мартта Израил армиясы 19-январда жетишилген ок атышпоо келишимин бузду.Ошондон бери Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулдарынан 7450 киши набыт болуп, дагы 26479у жараат алды.

Кошумчалай кетсек, акыркы 24 саатта Израил армиясы гуманитардык жардам бөлүштүрүү пункттары деп аталган жерде күтүп турган палестиналыктарга сокку урду. Бул чабуулдардын натыйжасында 28 адам каза болуп, 180ден ашууну жарадар болгон.

27-майдан бери Израил гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү аймактар деп аталган аймактарга бутага алган соккуларды баштагандан бери курман болгондордун жалпы саны 833кө жетип, жаракат алгандардын саны 5432ге жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз