Суббота, 4 мая

Ысыктан поезд жүрбѳй калды

0

Жакында Белгия жана Францияда жогорку ылдамдыктагы поезд жүрбѳй калды. Ысыктан улам поезд каттамында электр ѳткѳргүчтѳрүдѳ кыска кагылуу болду. Ошол себептен поезд каттамдары токтотулду. Париждин түндүгүндѳгү  «Талис» жана «Евростар» каттамдары да токтоду. Компаниянын операторлору шашалыш маселе болбосо, жүргүнчүлѳрдү жол жүрбѳѳгѳ чакырып жатат. Бельгиянын «Евростар» каттамында ысыктан кыска кагылуудан кийин аба муздаткычтар иштебей калган. Вагондун ичиндеги температура 50°C жетип, жүргүнчүлѳрдү сыртка чыгарууга чечим чыккан.

Бельгия ѳкмѳтү биринчи жолу терроризмге байланышпаган чечим чыгарды.Бул жайкы аптапка байланыштуу поезд каттамдарын сокундатты. Жүргүнчүлѳр мындай чечимдердерге нааразы болсо да, поезд каттамдарын узак убакыттар бою күтүп жатышат.

Франциянын кѳптѳгѳн шаарларында ысык аба ырайы күч алууда. Кечээ Парижде 42,6°C болгон.

Жолкаттамдары боюнча маселе Лондондо да күч алууда. Бирок поезд каттамдары эмес. Себептерин эч ким түшүндүрѳ элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз