Жайкы саратанда жарандардын кѳпчүлүгү сууга түшүүнү каалашат. Андан тышкары коопсуздук эрежелери менен анчейин тааныш болбосо да Ысык-Кѳлгѳ барышат.
Сууга түшүүдѳ ар бирибиз эмнени билишибиз керек? Бул тууралуу адистердин кеңеши.
Сууга чѳгүп кетүүнүн себептери – сууга түшүп жатканда, сүзүп жүргѳндѳ коопсуздукту билбегендик жана андан чыгуу жолдору менен тааныш эмес. Адатта сууга чѳгүү алыска сүзүү менен коштолот. Ошондой эле, катуу толкунда сууга түшүү жана спирт ичимдиктерин ичип сүзгѳндѳ чѳгүп кетүү коркунучу бар. Сууга сүзгѳндү билбей сууга түшүү, сууда сүзүүчү каражаттардын капысынан жарылышы, желинин чыгышы, бейбаштык, ата-энелер балдарына кѳңүл бурбагандыгынын кесепетинен.
Сууга түшүп жатканда кандай жаракатка дуушар болуу коркунуч бар?
Ар кандай бийиктиктен сууга капысынан секиргенде баш мээнин жабыркашына алып келет. Ошондой эле, баш сѳѳктүн жаракат алуусу, омуртканын жана башка органдардын жабырканышы ыктымал. Себеби суу астында ар кандай нерселер болушу күтүлѳт.
Сууга түшүү учурунда ѳзүңүздү жана балдарыңызды кантип коргосо болот?
Эң негизгиси ѳзүңүз да балдарыңыз дагы сүзгѳндү билиши керек. Узак убакытта алыс жерге чейин сүзүүнүн кереги жок. Эс алуу учурунда ата-энелер кѳзүн балдарүңардан албай сак болуу.
Чѳгүп бара жаткан учурда эмне кылуу керек?
Чѳгүп бара жаткан адам ѳзүн-ѳзү куткара аларын адистер тастыкташат.Сууга чѳгүп бара жатканда ѳзүн токтоо алып,ѳзүн-ѳзү куткаруу үчүн аракет жасоо абзел. Дүрбѳлүң түшпѳй колго алуу керек. Суу алдында терең дем алып, ѳпкѳнү абага толтуруу менен тигинен турууга аракет жасоо керек. Кокусунан тез кыймылдарды жасабоо керек. Терең дем алып туруп абаны 30 секундга чейин кармаса болот.
Эмне үчүн чѳгүп бара жаткан адам жардамга чакыра албайт?
Адатта чѳгүп бара жаткан адам физиологиялык жактан жардамга чакыра албайт. Кинодогу ораздар туура эмес. Дем алуу системасы дем алган менен алек. Сууга чѳгүп бара жаткан адамдын оозу суу алдында. Ошол себептен кыйкыра да албайт. Ал сууда 20-60 секундга чейин эле кармай алат.