Четверг, 23 апреля

«Жыргалаң» курортун куруу боюнча биринчи аукцион өттү

0

«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин алкагында «Жыргалаң» курортун куруу боюнча аукцион өтүүдө. 15-июлда биринчи аукцион болуп, анда 4 лот сатылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен билдиришти.

Маалыматка таянсак, аукциондо сатылган жер тилкелеринин баасы 4 млн 876 миң сомдон 337 млн 363 миң сомго чейин жетти. Долбоорго ылайык, беш жылдыздуу эки мейманкана жана эки VIP коттедж курулушу керек.

Сатылган лотторго токтолсок:

— Беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн жер тилкеси: аянты — 15660 чарчы метр, баасы — 337,363,380,00 сом;

— Беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкеси: аянты — 458 чарчы метр, баасы — 7,863,860,00 сом.

— VIP коттедждерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкеси: аянты — 216 чарчы метр, баасы — 4,876,848 сом;

— VIP коттедждерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкеси: аянты — 216 чарчы метр, баасы — 4,784,832 сом.

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукциону 16-17-18-июль күндөрү да өтөт.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган.

Буга байланыштуу атамекендик жана чет элдик инвесторлордун ачык аукционго катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар жер тилкелерине 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттерди салышы керек.

Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлууда. 49 лотто 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер тилкелери бар. Алардын баасы 3 млн 067 миң 200 сомдон тартып 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл.

Жер тилкелери боюнча кененирээк маалыматтар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында белгиленген.

Аукциондон уткан чет элдик инвесторлорго жер тилкелери 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз