Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда Бишкектеги Тунгуч кичи районуна барган маалда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынды. Анда Ташиев тургундар менен жолугуп, райондун айрым көйгөйлөрүн укту.
Атайын кызматтын төрагасы Ырсалиев Тунгучтагы муниципалдык жердеги объекттери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара акысын төлөбөй келе жатканын билдирип, ошол жерден камоого буйрук берди. Вице-мэрге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин айтты.
