Четверг, 30 апреля

Зардалыга жол салуу иштери уланууда

0

Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткендин эң алыскы Зардалы айылына барып, жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Кызыл-Таш- Зардалы багытынын болжол менен 200 метр аралыгында кеңейтүү (зоону бургулоо, жардыруу) жана чыйыр жол салуу иштери кызуу уланууда. Жолдун жалпы оңдоло турчу тилкеси 18 чакырымды түзөт.

Министр Сыргабаев аткарылып жаткан жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү, коопсуздук жана сапатка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров былтыр Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз