Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Батыштын санкцияларына «иммунитет иштеп чыкканын» жана аларга «ыңгайлашканды үйрөнгөнүн» билдирди. Анын айтымында, жазалоочу чаралар мыйзамсыз жана Орусияны колдогон өлкөлөргө терс кесепеттерин тийгизет.
Песков Москва Европа Биримдигинин жаңы санкцияларын талдап чыгарын кошумчалады.
Жума күнү Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы санкцияларын 18-пакетин бекиткен.
Биримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас бул чаралар бүгүнкү күнгө карата Москвага салынган «өтө катаал санкциялар» болорун билдирди. Reuters агенттиги Каллас Европа Биримдиги Украинанын колдоодон баш тартпасын, Москвага согушту токтотмоюнча кысымды күчөтө берерин айтканын жазды.
