Орусия Түндүк Кореяга түз коммерциялык аба каттамдарын ачты, бул анын Украинага каршы кол салуусун колдогон азиялык өнөктөшү Түндүк Корея менен болгон карым-катнашын бекемдөөнүн белгиси.
Орусиянын Nordwind авиакомпаниясынын Москва-Пхеньян багытындагы биринчи каттамы Москванын Шереметьево аэропортунан жекшемби күнү саат 16:25те бортунда 400дөн ашык жүргүнчү менен учту.
Орусиянын Транспорт министрлиги суроо-талапты канааттандыруу үчүн айына бир жолу каттам уюштуруларын билдирди.
Түндүк Корея пандемия учурунда киргизилген чектөөлөрдү акырындык менен жеңилдетип, чек араларын этап-этабы менен ачып жатат. Бирок өлкө эл аралык туризмди толук калыбына келтирүү боюнча расмий билдирүү жасай элек.
