Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр

0

Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин журналисттерге Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр, бирок жогорку деңгээлдеги жолугушууларды кылдаттык менен иштеп чыгуу керек деп билдирди.
«Үч раунд сүйлөшүүлөр болуп өттү, биз аларды улантууга даярбыз. Ал эми жогорку деңгээлдеги жолугушууларга келсек, мындай жолугушууларга олуттуу даярдануу керек. Ансыз алар тууралуу айтуу эртелик кылат», — деди ал.
Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 23-июлда Стамбулда өтүп, бир сааттай созулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз