Суббота, 6 июня

Түрк дарыгерлер Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев «Иненю» университетинин ректору Нусрет Акполат менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен «Иненю» университетинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Медициналык кадрларды даярдоого, биргелешкен илимий жана академиялык программаларды ишке ашырууга, ошондой эле трансплантология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандагы органдарды трансплантациялоо боюнча медицина тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Иненю» университетинин дарыгерлерине президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруусу негизги иш-чара болду.

Сыйлык тапшыруу аземи «Иненю» университетинин кампусунда ректордун, университеттин профессорлорунун, медициналык коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Сыйлыктар университеттин алдыңкы дарыгерлер тобуна: Кыргызстанда органдарды алмаштыруу боюнча татаал операцияларды жасаган Ахмет Кызылайга, Сезаи Йылмазга жана Адил Башкыранга тапшырылды.

Элчи Казакбаев КР президентинин жана элинин атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, «Иненю» университети менен жемиштүү кызматташуу саламаттыкты сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоодо маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Элчи түрк дарыгерлеринин практикалык жана илимий жардамы медицина тармагын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири катары трансплантологияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгилеп, түркиялык трансплантолог дарыгерлерди Ош шаарына органдарды трансплантациялоо боюнча операция жасоо үчүн ОшМУга чакырды.

Мындан тышкары, элчи «Иненю» университетинин Тургут Озал атындагы медициналык борборунда учурда дарыланып жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

Мындан тышкары, элчи Р.Казакбаев ошондой эле «Малатья Тургут Озал» университетинин ректору Режеп Бентли менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен «Малатья Тургут Озал» университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз