Дүйнөнүн айрым шаарларында Палестинаны колдогон жана Израилдин кол салууларын айыптаган митингдер өттү.
Австралиянын ABC гезитинин кабарлашуусуна караганда, Палестинаны колдогон австралиялыктар нөшөргө карабай Сиднейдин Лиман көпүрөсүндө чогулду. Чогулгандар Израильдин кол салууларын токтотууга чакырып, Австралия өкмөтүнө Палестина мамлекети таанылсын деген талап менен кайрылышты.
Полициянын маалыматы боюнча, митингге 90 миңге жакын адам катышты. Ошондой эле, Мельбурн жана Аделаида шаарларында да эл Газадагы гуманардык кырдаалга каршы нааразылык билдирди.
Германиянын Берлин шаарында да Израилдин Газадагы геноцидине каршы жүздөгөн Палестина жактоочулар көчөлөргө чогулду.
Алар Израилге каршы ураандарды көтөрүп, алып келген казан-табактарын каккылап Газадагылар менен тилектештигин билдиди.
Полиция бир аз убакыттан кийин митингди токтотуп, чогулгандарды таратууга аракет кылды. Бирок, кээ бир митингчилер отуруп, нааразылыктарын улантышты. Акырында полиция күч колдонуп, митингди таратты жана бир нече адамды камакка алды.
Ошол эле учурда, Берлиндин Wittenberg аянтында да Палестина менен тилектештик митинги өттү. Алар да «Газадагы геноцидди токтот», «Азык-түлүктү Газга жеткир», «Газага эркиндик» деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Бул жерде да полиция 4 митингчини камакка алды.
