Израилдин Газа тилкесине 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан кол салууларынан каза болгондордун саны 60 миң 332ге жетти. Акыркы 24 сааттын ичинде эле эксклавда 83 адам израилдик кол салуулардын курмандыгы болду.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги аткылоонун натыйжасында каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу акыркы маалыматтарды берген билдирүү таратты.
Билдирмеге караганда, Газадагы ооруканаларга акыркы 24 саатта 83 сөөк келип, алардын бирөө урандылардын астынан чыгарылды, ошондой эле 554 киши жараланды.
19-январда ок атышпоо келишими бузулуп, 18-мартта кол салуулар кайра башталгандан бери Израиль армиясынын 9 миң 163 палестиналыкты өлтүрүп, дагы 35 миң 602 жаранды жарадар кылганы белгиленди.
Кол салуулар башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери каза болгондордун саны 60 миң 332ге жетип, 147 миң 643 киши жаракат алды.
Палестина бийлигинин маалыматына караганда, Газадагы урандылардын астында миңдеген сөөктөр дагы эле көмүлгөн.
