АКШнын президенти Дональд Трамп Азербайжан менен Армениянын ортосундагы алдын ала келишимди жарыялоо ниетинде.
Америкалык CBS News телеканалынын маалыматына караганда, атын атагысы келбеген АКШ администрациясынын эки жогорку даражалуу өкүлү, бүгүн Ак үйдө эки өлкөнүн ортосундагы алдын ала келишимге кол коюу аземи боло турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аземге Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Эки тараптуу жолугушуудан кийин лидерлер тиешелүү алдын ала келишимге кол коюшат.
АКШ администрациясынын бул келишим долбоорунун үстүндө бир канча убакыттан бери иштеп жатканы, Алиев менен Пашиняндын мындай биргелешкен документке биринчи жолу кол коюшаары белгиленди.
Эртең Ак үйдө боло турган кол коюу аземинде тараптардын айрым экономикалык келишимдеринин да камтылары билдирилди.
