Суббота, 18 апреля

Милиция бөлүмүндө жарандын каза болушу боюнча иш козголду

0

Бишкектеги милиция бөлүмүндө жарандын каза болушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-августта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жаран каза болгон. Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтан аша чабуу» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголду.

Тергөө аракеттерин жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү баардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз