Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Сох анклавына Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүүнү сунуштайт.
Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, «Өтүкчү» автожол өткөрүү пунктту убактылуу жабылганына байланыштуу бүгүн, 13-августта Чек ара кызматынын Баткен облустук башкы башкармалыгы тарабынан «Апкан» көзөмөл өткөрүү пункту калыбына келтирилип, иштей баштады.
Эске салсак, 12-августта саат 07:00 чамасында Кадамжай районунун Кайтпас – Өтүкчү жолунда Кожошкен дарыясы аркылуу өткөн «Өтүкчү» көпүрөсүндө жарака пайда болуп, жол убактылуу жабылган.
Аталган жол Өзбекстандын Сох анклавына барган негизги жол болуп саналат.
Мындан улам, жарандардын коопсуздугу үчүн Сох анклавына өтүүдө Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүү сунушталат.
Белгилей кетсек, жерине кечээ президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактияр Токсонбаев барып, тийиштүү облустук ишканалардын жетекчилиги менен кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлгөн.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен көпүрөөнү калыбына келтирүү аракеттери жүрүүдө.
