Суббота, 18 апреля

Орусия: “Украина тарап провокация даярдап жатат”

0

Бир нече каналдар аркылуу алынган маалыматтарга караганда, украин тарап 15-августка белгиленген орус-америкалык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу үчүн провокация даярдап жатат.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин Telegram социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жума күнкү саммиттин алдында Украинанын Куралдуу күчтөрү калк жыш жайгашкан конуштардын бирине же көп сандагы жарандар курман болгон ооруканага пилотсуз учактарды жана ракеталарды колдонуу менен чагымчыл сокку урууну пландаган. Ага ылайык, Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу маселелери боюнча орус-америкалык кызматташууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн терс медиа фон жана шарттарды түзүү максатында жарандардын курмандыктары Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнө жүктөлөт. Орусиянын Коргоо министрлиги Киев режими көзөмөлдөгөн башка калктуу аймактарда да провокация болушу мүмкүн деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз