Суббота, 18 апреля

ТИМде Түркия менен кызматташтык талкууланды

0

Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемдин жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук жана визалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, эки тарап үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматташтыктын актуалдуу багыттары кеңири каралып, эки өлкөнүн жарандарынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларга басым жасалды.

Жолугушуунун катышуучулары визалык жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүү аркылуу алардын натыйжалуулугун жана эки өлкөнүн жарандарына ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон жолдорду талкуулашты.

Эки тарап кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен маселелерди натыйжалуу чечүү максатында активдүү диалогду жана практикалык өз ара аракеттешүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз