Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл сайын комуз күнү 9-сентябрда белгиленет.
Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт.
Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес.
Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.