Жакында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Монголияга расмий иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында Монголиянын Улуу Кеңештин төрагасы Гомбоя Занданшатар менен жолукту.
Жолугушууда Мустафа Шентоп, Европанын ортосунан Жапонияга чейин созулган багыттагы өлкөлөрдүн арасында паралменттик ассамблея түзүү боюнча эмгектене турганын кабарлады.
Алгач жолугушуунун башында Шентоп: «Тарыхта билинген эң байыркы Түрк жазмасы болгон Орхон эстеликтерине кожоюндук кылган Монголия, ата-журтубуз болуп саналат»,-деди.
Ошондой эле,буга чейинки сүйлѳшүлѳр күчүн жоготпогун баса белгилеп, эки тараптуу туристтик саякаттарда визасыз калуу мөөнөтүн ар алты ай үчүн 30 күндөн 90 күнгө чыгаруу сунушун кылды.
Андан тышкары,Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) бардык өлкөлөр үчүн потенциалдуу коркунуч болгонун баса белгилеген Шентоп: «Монголиядагы ФЕТӨ террористтерин бир гана Түркия үчүн эмес Монголия үчүн дагы коркунуч катары көрүүдөбүз»,-деди.
Монголиянын Парламент төрагасы Гомбоя Занданшатар, экономика жана өзгөчө туризм тармагында кызматташтыктын илгерилетилиши үчүн кадам таштоону каалагандарын белгиледи.
Монголиядагы ФЕТӨ мектептери тууралуу Шентоптун кеп кылгандарын эске ала тургандарын айткан Гомбоя Занданшатар: «Монголияда ишин жүргүзгөн бул мектептерге каршы биз да колубуздан келген бардык иштерди жүргүзүүдөбүз»,-деди.