Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган француз кесиптеши Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Түркиянын президентинин администрациясынын байланыш кеңсесинин билдирүүсүндө айтылат.
Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүү француз тараптын демилгеси менен өттү.
Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки тараптуу түрк-француз мамилелеринин абалы, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу процесси, Газа тилкесиндеги учурдагы кырдаал талкууланды.
Президент Эрдоган Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосунда адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн аракетин улантканына көңүл бурду. Мамлекет башчысы Анкара жакында Аляска жана Вашингтондогу украиналык жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө кылдат көз салып турганын белгиледи. Түрк лидери Анкара Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында бардык зарыл болгон кадамдарды улантууга даяр экенин билдирди.
Президент Эрдоган Түркия ири гуманитардык катастрофа болуп жаткан Газа тилкесинде ок атышпоого жетишүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи. Ал Газа тилкесин басып алуу планын тездеткен Израилдин аракеттерин тез арада ооздуктоо зарылдыгын белгиледи.
Лидерлер БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрда Нью-Йоркто өтүүчү сессиясынын алкагында телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда талкууланган темаларды деталдуу талкуулоону улантууну макулдашты.
Президент Эрдоган Түркиянын Франция менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи. Мамлекет башчы кошумчалагандай, Анкара Париж менен ар тараптуу карым-катнаштарды, айрыкча коргонуу өнөр жай тармагында мындан ары да өнүктүрүү үчүн кадамдарды таштамакчы.
