Америкалык миллиардер ишкер Илон Маск өзүнүн X социалдык түйүнү аркылуу АКШда Демократиялык жана Республикалык партиялардан тышкары үчүнчү саясий партия түзүлүшү керекпи? деген сурамжылоону баштады.
Маск жаңы «Америка партиясын» 2025-жылдын июль айында жарыялаган. Маск АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп менен пикир келишпестиктен улам саясий күч түзүү чечимин кабыл алган.
Жогорудагы суроого миллиондогон респонденттер ооба деп жооп беришти. Сурамжылоонун жыйынтыгы АКШдагы азыркы эки партиялуу системага реалдуу альтернатива түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүүдө.
Салттуу түдө Америка Кошмо Штаттарына эки партиялуу система мүнөздүү. ,Демократиялык жана Республикалык партиялар 19-кылымдын ортосунан бери саясатта үстөмдүк кылып келишет.
