Воскресенье, 19 апреля

Газада набыт болгондордун саны 63 миңге жакындады

0

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 62 миң 819га жетти. Акыркы 24 сааттын ичинде эле 75 адам Израилдин чабуулдарынын курмандыгы болду. Бул тууралуу Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин Израилдин аймактагы уланып жаткан чабуулдарынын натыйжасында каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча акыркы маалымат берген билдирүүсүндө айтылат.

Билдирмеге караганда, акыркы 24 сааттын ичинде Газа тилкесиндеги ооруканаларга 75 каза болгон жана 370 жараланган адамдын сөөгү жеткирилди.

Израил армиясынын 18-марттан бери, башкача айтканда 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминин бузулушунан кийин жасаган кол салууларынын натыйжасында каза болгондордун саны 10 миң 975ке, жаракат алгандардын саны 45 миң 588ге жетти.

Үстүбүздөгү жылдын 27-майынан бери Израил менен АКШнын жетекчилигинде түзүлгөн жардам бөлүштүрүү борборлору деп аталган аймактарда Израилдин системалуу кол салууларынан каза болгондордун саны 2140ка, жаракат алгандардын саны 15737ге жетти.

Акыркы 24 саатта 17 палестиналыктын жардам алуу аракетинде каза болуп, 122си жаракат алганы билдирилди.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын жалпы саны 62 миң 819га, жаракат алгандардын саны 158 миң 629га жетти.

Газа тилкесиндеги урандылардын астында миңдеген курмандыктын сөөгү дагы эле сакталып турганы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз