Израилдин министри Палестинаны мамлекет катары таануу боюнча бир катар өлкөлөрдүн чечимдерине жооп кылып Батыш Жээкти аннексиялоого жана аймакта эгемендикти бир тараптуу жарыялоого үндөдү.
Палестина жерлериндеги израилдик оккупанттар менен тыгыз байланышы менен белгилүү “Арутз Шева” гезитине берген интервьюсунда Израилдин энергетика министри Эли Коэн Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербей турганын билдирди.
Министр, Иордан дарыясынан Жер Ортолук деңизге чейинки жалгыз мамлекеттин «еврей элине таандык Израиль» болорун баса белгиледи.
Ал белгилегендей, АКШнын президенти Дональд Трамп кызмат учурунда ийгиликке жетиши керек болгон эң маанилүү маселе — басып алынган Батыш Жээкте «эгемендиктин жарыяланышы».
Көптөгөн Батыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Франция менен Улуу Британиянын Палестина мамлекетин таануу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө комментарий берип, Коэн Израилдин бул мамлекетти түзүүнү көздөгөндөргө жообу «Батыш жээкте эгемендүүлүк» болоорун айтты.
Ошол эле учурда Израилдин маданият жана спорт министри Мики Зохар өлкө боюнча мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү ниетин билдирди.
Израилдин премьер-министри өз кезегинде Биньямин Нетаньяху өз кезегинде оккупацияланган Палестина аймактарын камтыган “Улуу Израилдин” пикирин карманганын жана өзүн тарыхый жана руханий миссиянын аткаруучусу деп эсептей турганын айткан жайы бар.
