Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Борбор Азиядагы эң чоң “Евразия” оюн-зоок паркынын салтанаттуу ачылышы болду.
Белгилей кетсек, бул масштабдуу долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган. Парктын курулушу жана жабдылышы “Евразия” фонду тарабынан меценаттык каражаттардын эсебинен каржыланган.
Оюн-зоок паркы 2024-жылы министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу макулдашуусунун негизинде курула баштаган.
Паркта балдар үчүн динопарк, цирк шапито, аквазона, Борбор Азиядагы эң чоң аттракциондор, лабиринттер, экспо боз үй, сейилдөөгө арналган кооз аллеялар жана аквадром каралган.
