Среда, 29 апреля

Польшада F-16 учагы кулады

0

Польшада ушул дем алыш күндөрү өткөрүлө турган эл аралык аба көргөзмөсүнө даярдануу учурунда F-16 согуштук учагы кулап түштү.

Польшанын PAP маалымат агенттигинин маалыматына караганда, кырсык өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Радом шаарында болгон.

«Радомдо трагедия болду. F-16 истребители авиашоуго даярдануу маалында кулап түштү. Тилекке каршы, учкуч каза болду», — деп жазды Польша өкмөтүнүн өкүлү Адам Шлапка X социалдык тармагындагы баракчасында.

Польшанын коргоо министри Владислав Косниак-Камыш окуя болгон жерге жөнөп кеткени белгиленди. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз