АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага болжол менен 825 миллион долларлык аскерий сатууну бекитти.
АКШнын Коргонуу Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги (DSCA) чечимге байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Украина 3350 даана ERAM алыс аралыкка учуучу ракеталарды, ошондой эле бул системаларга шайкеш келген жабдууларды, анын ичинде глобалдык позициялоо системаларын (GPS) сураганы белгиленген. Транзакцияны аягына чыгаруу үчүн АКШ Конгрессине расмий билдирүү жөнөтүлгөнү белгиленди.
Келишим ошондой эле ракеталык контейнерлерди, запастык бөлүктөрдү, көмөкчү жабдууларды, программалык камсыздоону, техникалык документтерди, ошондой эле окуу жана логистикалык материалдарды жеткирүүнү карайт.
Бул сатуунун «аймактагы негизги аскердик тең салмактуулукту өзгөртпөй турганы» баса белгиленди. «Бул сатуу Европадагы саясий туруктуулуктун жана экономикалык прогресстин кепилдиги болгон союздашынын коопсуздугун жогорулатуу аркылуу АКШнын тышкы саясатын жана улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдырат» деп айтылат билдирүүдө.
Украинанын курал-жарак сатып алуусу АКШнын тышкы аскерий каржылоо программасынын алкагында Дания, Нидерландия жана Норвегиянын каржылоосу менен ишке ашары белгиленген.
Келишимди аягына чыгаруу үчүн АКШ Конгрессинин акыркы макулдугу талап кылынат.
