4-8-сентябрь аралыгында Кыргызстандын борбору Бишкекте Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды өнүктүрүү, ошондой эле түрк киноиндустриясын таанытуу максатында Түрк фильм күндөрү өтөт.
Бул иш-чара Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда. Уюштуруучулардын арасында Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Ерли Дүшүнже” коомдук фонду да бар.
Кызыл килемде түрк актрисалары Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле Барыш Кылыч менен Аныл Алтан сыяктуу белгилүү инсандар күтүлүүдө. Фестивалдын программасынын алкагында режиссёрлор жана продюсерлор менен жолугушуулар пландалууда.
Ачылыш аземи 2025-жылы Оскар сыйлыгына талапкер болгон «Баары өлгөн бир күн» тасмасынын көрсөтүлүшү менен коштолот. Режиссёр жана башкы ролду ойногон Мурат Фыратоглу тасмасын өзү тааныштырып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.
Иш чаранын графиги төмөнкүдөй:
4-сентябрь — «Баардыгы өлгөн бир күн» (режиссер Мурат Фыратоглу)
5-сентябрь — «Сүйүү иштери» (реж. Хакан Куршун)
6-сентябрь — «Акылдан жүрөккө» (режиссеру Өзер Фейзиоглу)
7-сентябрь — «Хай Хак Карагөз — Хажыват» (анимациялык тасма, режиссёр Кенан Акташын)
8-сентябрь — «Тентек» (режиссер Онур Үнлү)
Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт жана иш-чараларга кирүү акысыз.
