Суббота, 18 мая

Дүйнѳнү башкаруучу микросхема

0

Кванттык чечимдер санариптик технологияларды дүйнөнү түп-тамыры менен өзгөртөрүн убада кылууда. Жакында жарык көргөн чип илимдин бул тармагын дарамети жогоруу. Себеби бул чип кичисхеманы бузуп талкалоого мүмкүн эместиги аныкталды. Futuris программасы Женева менен Барселондогу адистер менен чечим кабыл алуу үчүн сүйлѳштү.

 Роб Тью Женева университетинде  кванттык физика илими менен алектенет. Ал кванттын аныктамасына тактолууну сунуш кылат: «Квантты ар ким ар кандай түшүнѳт,Физика илими менен алектенбегендер үчүн бул кандайдыр бир түшүнүксүз,табышмактуу нерсе. Анда квант деген эмне? Жѳнѳкѳй сѳз менен айтканда бул- бир обьект, бир атом, фотон,жарыктын бир бѳлүгү. Квантты контрольдоо башкаруу боюнча 20жыл аралыгында биздин мүмкүнчүлүктѳр ѳтѳ жогорулады». 

Чип дүйнѳсүндѳгү изилдѳѳлѳрдѳн окмуштуулар- кванттык генератордун кокустук санын иштеп чыгууда. Бул жерде сѳз криптография жѳнүндѳ сѳз болуп жатат

Хьюго Збинден, физик тактайт: «Аппарат секундасына миллиондогон кокустук бит кубаттап иштете алат, ал акылдуу аппараттар сматрфондо колдонулушу мүмкүн».

Бул системаны талкалоо мүмкүнбү?

«Чипти балким талкалоо мүкүндүр-деп ойлойт Збиден. Бирок биздин учурда ал ѳтѳ татаал система менен жасалды. Тажрыйба учурунда ар кандай мүчүлүштүктѳр болушу мүмкүн, аларды чечүү дагы ыңгайлаштыруу мүмкүн. Бирок негизинен негизги физикалык кубулуштардан жасалган нерсени талкалоо мүмкүн эмес».

Мындан тышкары ЕБ коолдоосун алган бир канча изилдѳѳлѳр жүргүзүлүүдѳ.

Мисалы Барселондо изилдѳѳчүлѳр «кванттык интернет» аттуу жаңы технология менен алектенишүүдѳ. Анда технологиялык бөлүкчөлөрүн коддолгон кабарларды жөнөтүү үчүн берилет. Каалаган адам бул маалыматтарды ала албайт.

Мындан тышкары дагы кѳптѳгѳн тармакта изилдѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Келечекте окмуштуулар баардык тармакты кванттык башкарууга ылайыкташтырарын убада кылышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз