Суббота, 4 мая

Камактагы саясатчы аллергия болдубу?

0

Алексей Навальный оппозициячыл саясатчы ооруканада. Ал «курч аллергиялык реакция» менен Москванын 64-шаардык ооруканасында. Бул тууралуу маалымат булактары жарыялап чыкты. Ал эми Навальныйдын жеке дарыгерлери саясатчыга «химиялык зат чачып кетишти» деп маалымдашууда. Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Твиттер» баракчасына саясатчы мурда эч кандай аллергиялык реакция болбогонун жана бейтапканада саясатчынын жеке дарыгерлерин жолотпой коюшканын жазды. Ошондой эле Кира Ярмыш дарыгерлер Навальныйдын жубайына диагнозду айтпай койгонун билдирди.

Оппозициячыл саясатчы «Фейсбук» баракчасына жактоочуларын ишемби күнү демонстрацияга чыгууга чакырганы үчүн 24-июнда камакка алынган. Ал мыйзамсыз демонстрация уюштурууга аракеттенди деп айыпталып, отуз күнгө абакка кесилген.

27-июнда нааразылык акцияга катышкан миңден ашуун киши кармалган болчу. Демонстранттар бийлик оппозициячыл саясатчыларга бут тосуп, жергиликтүү шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат дешүүдө. Алар Москванын шаардык кеңешине көз карандысыз талапкерлер дагы катышууга укуктуу экенин айтышууда.

2017-жылы Навальныйга эки жолу химиялык зат чачып кетишип, ал ооруканага түшкөн. Саясатчы коррупцияга каршы активист катары чыгып, 2011-жылы президент Путинге каршы эң ири нааразылык акциясын уюштурган. Ошондой эле 2017-жылы көз боёмочулук боюнча айыпталып, 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албай калган. Навальный айыптарды «ойдон чыгарылган» деп атаган эле. (AT)

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз