Четверг, 30 апреля

Зеленский: “Орусиянын ички аймактарына сокку урабыз”

0

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын ички аймактарына сокку урууга даярданып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Фейсбукта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин отчетунан кийин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, «тиешелүү каражаттар даярдалды».

«Биз Запорожье багытындагы кырдаалды жана баскынчынын ниетин деталдуу талдап чыктык. Ошондой эле Сумы облусунун чек ара аймагындагы жана Харьков облусундагы кырдаалды да талдап чыктык. Биз Украинаны коргоо үчүн зарыл болгон жигердүү аракеттерди улантабыз. Күчтөр жана каражаттар даярдалды. Жаңы соккулар да пландалган», — деди Зеленский.

Президент Сырскийдин доклады биринчи кезекте Покровск багытына тиешелуу экендигин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз