Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайга болгон төрт күндүк сапарынын алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөштү.
Жолугушуу ШКУнун саммитине келген делегация башчыларынын, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин тарабынан чакырылган коноктордун урматына кабыл алуу аяктагандан кийин болду.
Орус президенти Орусия менен Армениянын өкмөт мүчөлөрү дайыма байланышта экенин белгиледи.
«Биздин кесиптештер тынымсыз байланышта. Өкмөт мүчөлөрү мага отчет берип турушат, Арменияга тез-тез келип турушат. Силердин өкмөт мүчөлөрүңөр Орусияга келишет. Эми баарын сүйлөшөбүз», — деди Путин жолугушууда.
Орус лидери Армениянын премьер-министри менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин, анткени эки тараптуу да, аймактык да талкуулоо үчүн көптөгөн маселелер топтолгондугун билдирди.
«Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын жана бүгүнкү жана эртеңки окуялардын четинде сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз көптөн бери көрүшө элекпиз, эки тараптуу, аймактык, эл аралык көптөгөн маселелер топтолуп калды. Сиз менен бүгүнкү жолугушуубуз пайдалуу жана маңыздуу болот деп ишенем. Сиздерди көргөнүмө кубанычтамын», — деди Путин.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын президенти Владимир Путин менен ШКУ саммитинин алкагында жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк жана диалог үчүн кубанычта экенин билдирди.
