15-сентябрдан тарта Пекин Орусиянын жарандары үчүн визасыз режимди киргизет жана ал 30 күнгө чейин жарактуу болот.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякундун айтымында, Кытай бийлиги мындан ары өз ара каттамдарды жеңилдетүү максатында жарандары Кытайга визасыз кирүү укугуна ээ болгон өлкөлөрдүн санын кеңейтет. Ушундай эле визасыз саясат Орусиянын жарандары үчүн 2025-жылдын 15-сентябрынан 2026-жылдын 14-сентябрына чейин киргизилет. Азырынча бул чаралар бир жыл бою тесттик режимде киргизилүүдө.
Белгиленгендей, март айында Москва менен Пекин бул чараларды талкуулап жатканы кабарланган. Август айында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптар эки адамдан турган туристтик топтор үчүн визасыз режимдин үстүндө иштеп жатканын билдирген.
Кытайга баруу үчүн орусиялыктарга виза керек. Бирок кээ бир өзгөчөлүктөр бар. Кытайдын айрым аймактарына аларга визасыз кирүүгө уруксат берилген:
- Гонконгдо 14 күнгө чейин;
- Макаодо жана Хайнань аралында 30 күнгө чейин.
«Кытайдын башка аймактарына баруу үчүн сөзсүз түрдө виза алуу керек», — деп айтылат билдирүүдө.
